Парламенттин Координациялык кеңеши жыйын курду

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Чолпон Баекованын төрагалыгында Координациялык кеңештин жыйыны болуп, анда парламенттин октябрь айына карата календардык иш-планы талкууланды. Коммунисттер фракциясынын лидери Искак Масалиевдин сунушу менен октябрь айындагы өкмөттүк саатта азык-түлүк коопсуздугу боюнча маселени кароо боюнча чечим кабыл алынды. Ошондой эле парламентарийлер 40 ашуун мыйзам долбоорлорун, эл аралык 4 келишимди ратификациялоо маселесин карайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)