Петровка боюнча камалгандардын соту жанданууда

Петровка жаңжалы боюнча айыпталуучулардын соту 30-сентябрга белгиленди. Сот отуруму айыпталуучулардын сотко жана прокурорлорго ишеним көрсөтпөө арызына байланыштуу 5-августтан бери токтоп турган. Айыпталуучулардын жана алардын жактоочуларын арыздарын Чүй облустук соту 10-августта карап, доомат негизсиз деген чечим чыгарган.
Петровка айылында чыккан 26-апрелдеги чырды уюштурду деген айып тагылган
“Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев, “Болуш” бирикмесинин башчысы Сапар Аргымбаев жана дагы бир укук коргоочу активист Улан Рыскулов учурда ИИМдин Бишкектеги №1 тергөө абагында отурушат. (BuS)