Журналист Алмаз Ташиев киши колдуу каза тапты
Ноокат районунда журналист Алмаз Ташиев токмоктолуп, ооруканада эсине келбей каза тапты - Киши колдуу болуп көз жумган журналист Алмаз Ташиевдин сөөгү 13-июлда туулуп-өскөн жери Ноокат районундагы Жар-Коргон айылына коюлду.
Алмаз Ташиевдин сөөгү 13-июлда туулуп-өскөн жери Ноокат районундагы Жар-Коргон айылына коюлду.
Маркумдун тууган-уруктары Алмазды милиция кызматкерлери сабап өлтүрүштү деген арызданып жатышат
Алмазды милиция кызматкерлери сабап жатышканын көргөн күбөлөр бар экен.
Алмаз Ташиевди сабаганын мойнуна алган милиция кызматкери тил кат жазып берген да факт бар.
Журналист Алмаз Ташиев 33 жашта эле. Буга дейре «Агым» гезитинде эмгектенген.