Эркиндикти эңсеген өлкөлөрдөгү саясий сатира. ZMa

Эркиндикти эңсеген өлкөлөрдөгү саясий сатира - Михаил Златковскийдин “Азаттык” үналгысынын Орус кызматына берген карикатурасы “Өлкөдө муз ээрий баштады” деп аталат. Үналгынын Орус кызматынын интернет баракчасында карикатуранын алдында “президент “эркиндик анын жетишсиздигине караганда жакшы” деп айтты” деген сөздөр жазылган.

Эркиндикти эңсеген өлкөлөрдөгү саясий сатира - Украиналык eggs.com.ua аттуу сатиралык интернет баракча газ кризиси тууралуу карикатурада Владимир Путинди белгилүү мультфильмдин каарманы катары көрсөтөт. Карикатурадан “Жакшылыкка көнгөн жоксуңар, эми мен айткандай болот” деген жазууну окуй аласыздар.

Эркиндикти эңсеген өлкөлөрдөгү саясий сатира - Ирандык сүрөтчү Никаханг Ковсардын карикатурасында өкмөттүн өкүлү Голамхусейн Элхамдын президент Махмуд Ахмадинежадга “коомчулук арасында жүргүзүлгөн сурамжылоого ылайык, биз бардыгынан алдыда келе жатабыз” деп жагалданып турганы көрсөтүлгөн.

Эркиндикти эңсеген өлкөлөрдөгү саясий сатира - Өзүн Шериф деп атаган азербайжандык сүрөтчү бийликке ыктабай, эркин ой-жүгүрткөн журналистти кандай кыйынчылыктар күтүп турганын бул карикатурасында көрсөтөт.

Эркиндикти эңсеген өлкөлөрдөгү саясий сатира - 1990-жылдары Шериф башка бир карикатурасында эркиндикке болгон үмүт-тилегин мына ушинтип чагылдырган.

Эркиндикти эңсеген өлкөлөрдөгү саясий сатира - Түркмөнстандык карикатурист Эл аралык басма сөз эркиндиги күнүнө арналган бул сүрөтүнөн сыналгыдан жалгыз гана өзүн көргүсү келген президент Грубангулы Бердимухаммедовду таанууга болот. Толугу менен http://farid-tihr.livejournal.com/23696.html деген баракчадан көрө аласыз.

Эркиндикти эңсеген өлкөлөрдөгү саясий сатира - Маркум сүрөтчү Мойад Неаманын бул карикатурасында Ирактын БААС партиясынын мүчөсү террорчуга кошомат кылып жатканы көрсөтүлгөн.

Эркиндикти эңсеген өлкөлөрдөгү саясий сатира - Мойад Неаманын дагы бир карикатурасында байдын аялы күйөөсүнө суроо узатып жаткан болот: “Бүгүн кандайдыр бир жакшы кабарың барбы? Өкмөттөн бир нерсе уурдай алдыңбы?” Зейнеп Мартбек кызы, Прага