АКШдагы кыргыз карыянын тагдыры

Жоробек Ашыр уулу - 90 жаштагы Жоробек Ашыр уулу 1956-жылдан бери Нью Йорк шаарынын чекесиндеги Янкерс деген шаарчада жашайт.

Жоробек Ашыр уулу - Жоробек Ашыр уулу Экинчи Дүйнөлүк согуш маалында 1942-жылы Орусиянын Орел шаарында немистерге туткунга түшүп калып, согуш аяктаганга чейин Германияда туткундар лагеринде кармалган. Кийин Советтер Союзуна келүүдөн баш тартып, 1956-жылы АКШга көчүп келет. Нью Йорк шаарында байырлап калган соң, ар кыл тейлөө кызматында иштеп жүрүп эс алууга чыккан. Жоробек Ашыр уулу: "1991-жылы, туура 51 жылдан кийин өз Мекениме - Кыргызстанга барып келдим".

Стивен жана Аскар Мамбеталиев - Жоробек Ашыр уулунун небереси Стивен - Нью Йорктогу дизайн жана технологиялар институнун студенти. Аскар Мамбеталиев - Нью Йорк университетинин изилдөөчүсү.

Жоробек Ашыр уулу үй-бүлөсү менен - Жоробек ата немис кызы менен согуштан кийин Германияда баш кошуп, 4 баланын (Айчүрөк, Зуура, Курманбек, Козубек) ата-энеси болушкан.

"Азаттыктын" АКШдагы кабарчысы Гүлайым Ашакеева Жоробек ата менен - АКШда жашаган кыргыздын төрт мууну: Жоробек Ашыр уулу, Айша (Айчүрөк) Жоробек кызы, Стивен Лиед (небереси) жана 4 жашар Антонио (Жоробек атанын чөбөрөсү).