Косово: Эгемендүүлүктүн алгачкы күнү

Косовонун премьер-министри Хашим Тачи - 17-февралда Косово (Kosovo) Сербиядан көз карандысыздыгын жарыялады. Бишкек убактысы боюнча кечки саат сегизде башталган Косово парламентинин атайын сессиясында Көз карандысыздык жөнүндөгү декларацияны өлкөнүн премьер-министри Хашим Тачи окуду. Декларацияда Косово көз карандысыз, демократиялуу жана көп улуттуу өлкө деп жарыяланган.

Косово: Эгемендүүлүктүн алгачкы күнү - 12 жободон турган документ Косово чөлкөмдөгү тынчтык менен стабилдүүлүктү баарынан жогору коюп, коңшулары менен жакшы мамиледе болууну кааларын белгилейт.

Косово: Эгемендүүлүктүн алгачкы күнү - Сербия Косово аймагынын албан жетекчилиги жикчилик саясатын андан ары тереңдетип, бир тараптуу эгемендик жарыялачу болсо, анда аймакка карата дипломатиялык жана экономикалык кысым жасалаарын эскертип, бирок аскер күчү колдонулбай турганына да ишаара кылып келет.

Косово: Эгемендүүлүктүн алгачкы күнү - Косовонун борбору Приштинанын көчөлөрүндө Косово калкынын басымдуу бөлүгүн түзгөн миңдеген албандар жыйналып, көз карандысыздыкты майрамдап жатышат.

Косово: Эгемендүүлүктүн алгачкы күнү - Косовонун борбору Приштинада он миңдеген адамдар аймактын жаңы желегин желбиретип, ыр-күү жаңырып, түнү бою асманда чачырама оттун жарыгы күйүп-жанып, эл көптөн күткөн көз карандысыздык күнүн майрамдап жатты.

Косово: Эгемендүүлүктүн алгачкы күнү

Косово: Эгемендүүлүктүн алгачкы күнү - Косово калкынын 90%дайын түзгөн албандар 1990-жылдардын ортосунда көз карандысыздык үчүн куралдуу күрөшүн баштап, серб армиясы менен кагылышууларда 10 миңдей адам курман болгон.