Америкалык белгилүү ырчы жана композитор Боб Дилан жаңы альбомунан түшкөн гонорарын жакыр өлкөлөргө жиберет. БУУнун маалыматына ылайык, ырчынын Christmas in The Heart деп аталган альбому 12-октябрда чыгат. Андан түшкөн акчаны ырчы Улуттар уюмунун азык-түлүк программасына жана Британиянын Crisis деген соопчулук тобуна которууну чечти.