Жалал-Абадда жер титиреди

Бүгүн таңга жуук саат 4:44 болгон силкинүүнүн күчү облус борборунда жана Сузак районунда 3 баллга жеткен. Бул жерлер силкинүүнүн очогу болгон деп айтылууда. Ал эми Көк-Жаңгак шаарында жана Ош облусунун Өзгөн районунда жер титирөөнүн күчү 2,5 баллды түзгөн. Бул тууралуу чукул кырдаалдар министрлиги кабарлады.(ZKo)