Ахмединежад Иранга кол салам дегендерди коркутту

1980-жылы Иран-Ирак согушунун башталышынын кезектеги жылдыгына арналган аскерий парадда сүйлөп жатып, бүгүн Ахмединежад Иранга кимде ким кол көтөрсө, өлкөнүн армиясы анын “колун жулуп алганга” даяр деп айтты. Америка Кошмо Штаттары менен Израил буга чейин Ирандын өзөктүк объектилерине кол салууну да жокко чыгарбай тургандыктарын билдиришкен. Батышта айрым мамлекеттер Иранды атомдук бомба жасап жатат деп сындашат. Тегеран болсо муну четке кагууда.