Электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлөт

Өлкө аймагында 1-октябрдан баштап электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлөт. Бул тууралуу өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Ильяс Давыдов Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин отурумунда билдирди. Анын айтымында, орто жана бизнес тармагында, мектеп, ооруканаларда электр кубаттуулугу өчүрүлбөйт. Ал ошондой эле сентябрь айында Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12,55 млрд. куб.м. болгонун, министрликтер, мамлекеттик администрациялар, Бишкек, Ош шаарынын администрациясы кышкы жылытуу сезонуна даярдыктарды өз убагында бүткөрүү боюнча иштерди жүргүзүп жатканын белгиледи. (AJ)