Түркияда күрт тилинде пьеса ойнолот

Түркияда мамлекеттик театр алгачкы ирет күрд тилинде пьеса коет. Үй-бүлө намысын коргоп, аялдарды өлтүрүү адаты жөнүндөгү чыгарма 1-октябрда Диарбакыр шаарында сахналаштырылат. Күрт тилине Түркияда 1991-жылга чейин тыюу салынып келген. Бирок айрым коомдук тармактарда чектөөлөр сактала берүүдө. Анкара жакында түрктөрдүн проблемаларына көңүл буруп, жикчил согушкерлер менен 25 жылдан бери созулуп келаткан жаңжалга чекит коюу багытында кадам жасай баштады. Европа биримдиги түрк өкмөтүнө азчылыктардын укуктарын урматтоо талабын койгон. Түркия Еврошаркетке мүчө болуп кирүүгө умтулат.