Кадамжайда элдер нааразылык акциясына чыгышты

Учурда Баткен облусунун Кадамжай районунун акимчилигинин жанында беш жүзгө чукул адам облус бийлигинен Кадамжайдын мурдагы акими Асамидин Ташовду кайра райондун администрация башчылыгына дайындоо талабын коюшууда. Бул тууралуу Чаувай айыл өкмөтүнүн башчысы Калийпа Кошбаева “Азаттыкка” билдирди.

Ал эми Кадамжай районунун акиминин биринчи орун басары Айдарали Асамидинов бул маселени жергиликтүү бийлик чече албастыгын, район акими президеттин буйругу менен дайындаларын, элдин талабын Баткендин губернаторуна жеткизерин билдирди.

18-сентябрда президент Курманбек Бакиевдин буйругу менен Асамидин Ташов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Баткен облусунун Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын – акиминин кызматынан бошотулган. (AJ)