Евробиримдик Иран лидерин сынга алды

Евробиримдик Иран президенти Махмуд Ахмадинежаддын “Холокост болгон эмес” деген сөздөрүн кескин сынга алды. 18-сентябрда Тегеранда “Палестин эли менен тилектештик күнүнө” карата өткөн митингде Ахмадинежад “Холокост – бул далилсиз билдирүүлөргө негизделген жалган” деп айткан. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги буга байланыштуу билдирүү жасады. Анда “Иран президентинин сөздөрү Экинчи дүйнөлүк согуштун курмандыктарынын элесин кемсинтүүдө” деп айтылат.