Нарында кара алтын наркы 10-13 пайыз арзан болот

Мындай маалыматты Нарын облустук акимчиликтин бөлүм башчысы Ырысбек Шалтаев «Азаттыкка» билдирди. Көмүрдүн наркынын бир тоннасынын баасы өткөн жылга караганда 300-400 сомго арзандашы кошумча нарк салыгынын 8 пайызга азайышынан жана көмүр тартуучу фирмалардын тендер аркылуу туура тандалышынан болду. Ошондктан быйыл Нарын шаарында көмүр наркы 2700 сомдон ашпайт. Ал эми Монополияга каршы саясат агенттиктин Нарындагы жетекчиси Кеңешбек Чымылдаков көмүр баалары Кара-Кече жана Турук көмүр кесимдеринде өткөн жылдагы наркта сакталарын айтат. Учурда облуска керектелүүчү көмүрдүн 7 пайызы тартылган.(KUs).