Ооганстан: шайлоодо Карзай алдыда

Евробиримдик Ооганстандагы шайлоодо 1 жарым миллионго жакын добуш бурмаланган болушу ыктымал деп билдирди. Евробиримдиктин байкоочулар миссиясынын жетекчиси Филипп Мориллон ооган өкмөтү шайлоодогу мыйзам бузууларды иликтеши керек деп айтты. 16-сентябрда Ооганстанда президенттик шайлоонун алгачкы жыйынтыктары жарыяланды. Көз карандысыз шайлоо комиссиясы алгачкы жыйынтыктарга таянып, Хамид Карзай өткөн айдагы президенттик ат салышууда жеңгенин жарыялады. Расмий маалыматка караганда, 20-августтагы шайлоодо азыркы президент Карзай добуштардын 54.6 %ын чогултуп, башка атаандаштарын биринчи айлампада эле жеңди. Анын негизги атаандашы, Ооганстандын мурдагы тышкы иштер министри Абдулла Абдулла 28 %га жакын добуш топтогону маалымдалды.