Жогорку Кеңеш бир катар мыйзам долбоолорун карайт

Бүгүн парламентте “Курал жөнүндө”, “Атуулдук кодекске”, “Жазык-процесстик кодексине толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорлору каралат. Ошондой эле Гүлзар Суталинованы Жогорку Соттун судьясынын кызматына шайлоо жөнүндө маселе коюлат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)