Европарламент Жозе Мануэл Баррозону Еврокомиссиянын башчылыгына кайра шайлады. Аны депутаттардын 382си колдоду, 219 киши каршы болду жана 117 евродепутат калыс калды. Португалиянын мурдагы өкмөт башчысы биринчи мөөнөткө 2004-жылдын ноябрында шайланып, Италиянын экс-премьери Романо Продини алмаштырган.