Бүгүн Балыкчыда сот улантылат

Жактоочу Сартбай Жайчыбековдун маалыматы боюнча Балыкчы окуясы боюнча 19 киши кылмыш жообуна тартылууда. Алар 23-июлда президенттик шайлоо күнү массалык баш-аламандыкка катышкан деп айыпталууда. Айрымдарына Конституциялык түзүлүштү өзгөртүүгө аракеттенген жана шайлоого тоскоолдук кылган деген да кинелер коюлган. Соттук териштирүүгө Бириккен элдик кыймылдын мүчөлөрү дагы катышуусу күтүлүүдө. (AJ)