Евробиримдиктин делегациясы Зимбабведе болду

Евробиримдик Зимбабвенин президенти Роберт Мугабеге каршы санкцияларды күчүндө калтырды. Бирок эгер Зимбабве реформаларды жүргүзсө, Евробиримдик каржылык жардамын көбөйтөт. Еврокомиссиянын мүчөсү Карел де Гюхттүн айтымында, 2002-жылдан 2009-жылга чейин Евробиримдик Зимбабвеге 600 миллион долларга гуманитардык жардам берген. Евробиримдиктин делегациясы Зимбабведе болуп, бул өлкөдөгү адам укуктарынын абалына тынчсыздануусун билдиришти.