Баңгизаттарын көзөмөлдөө боюнча Россиянын Федералдык кызматынын жетекчиси Виктор Ивановду 9-сентябрда кыргыз президенти кабыл алат. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматынан кабарлашты. Белгилүү болгондой Виктор Иванов 10-сентябрда Ысык-Көлдө боло турган Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген өлкөлөрдүн баңгизаттарына каршы күрөш боюнча мекемелеринин жыйынына катышат.Бул жыйынга Шанхай кызматташуу уюмуна кирген өлкөлөрдүн финансы чалгындоо органдарынын өкүлдөрү да катышмакчы.(AiT)