Экс-президенттин китепканасы мамлекетке өттү

“Соттук аткаруучулар китепканынын имаратында жайгашкан “Кыргызстандын биринчи президентинин китепканасы” коомдук корун чыгарып, имараттын жарымын алышты. Коомдук корго таандык сейрек кездешүүчү миңдеген китептер, белектер ал жерден сыртка чыгарылды. Бул имарат экс-президент Аскар Акаевдин жеке менчиги эмес эле”,-деп билдирди “Азаттыкка” аталган кордун жетекчиси Санаткүл Жамакеева. Анын айтымында, Бишкектин район аралык соту, Жогорку Сот “Кыргызстандын биринчи президентинин китепканасы” боюнча чечимди ак үйдүн тапшырмасы менен чыгарышкан.
Ал эми Мамлекеттик мүлк башкармалыгы боюнча мамлекеттик мүлк комитети болсо төрт жылдан бери талаш болуп келаткан маселеге Жогорку Сот чекит коюп, соттун чечими менен аталган китепкана президенттин иш башкармалыгына өткөрүлүп берилгенин билдирди. (AJ)