Орус бийлиги белгилүү либерал-депутат Галина Старовойтованын өлүмү боюнча ишти кайра териштирүүгө буйрук берди. Федералдык коопсуздук кызматы – ФСБнын ырастоосунда, кылмыш иши “жаңы жагдайлардын пайда болушуна” байланыштуу кайра ачылууда. Санкт-Петербург шаарынан депутат Старовойтова 1998-жылы киши колдуу болуп өлгөн. Быйыл июнда экс-депутат Михаил Глущенко башка бир иш боюнча камакка алынгандан кийин маркумдун үй-бүлөсү президент Дмитрий Медведевге кайрылып, кошумча иликтөө жүргүзүүнү өтүнгөн. Бир нече жылдан бери издөөдө жүргөн Глущенко күбө тарабынан Старовойтованы өлтүрүүгө буйрук берген адамдын бири катары көргөзүлгөн. Старовойтованы өлтүргөндүгү үчүн 2 киши кесилгени менен буйрук берген адамдар табылган эмес.