Кыргызстанда үшүк жүрөт

7-9-сентябрь күндөрү Чүй, Талас облустарынын тоо этегиндеги аймактарында, Ысык-Көлдүн чыгыш тарабында жана Нарындын айрым жерлеринде үшүк жүрөт. Аба ырайын маалымдоочу борбордун билдиришинче, температура -20 деңгээлге чейин түшөт. Мындай үшүк жылуулукту сүйгөн өсүмдүктөргө бир топ зыян келтириши ыктымал. (EBM)