Өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев кечээтен бери Нарында иш сапары менен жүрөт. Анын алкагында министрликтин аймактагы бөлүм башчылары менен жолугушуп, Нарындагы чукул кырдаалдардын алдын алуу маселелерин талкуулады. Министр ошондой эле жаратылыш кырсыктарынан кыйрап, жабыркаган имараттардын курулуш иштери менен таанышууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлагандай, Камчыбек Ташиев кийинки жумада сапарын Нарындын Жумгал районунда, андан кийин Жалал-Абаттын Тогуз-Торосунда улантат. (EBM)