Иранда шайлоодон кийинки толкундоодо 72 адам өлгөн

Бул тууралуу Иран оппозициясы июнь айындагы демонстрациялар учурунда адамдар мерт болгон жагдайларды иликтөө үчүн түзгөн комиссиянын башчысы Алиреза Бехешти билдирди. Муну менен оппозициянын эсеби расмий маалыматка кайчы келүүдө. Иран бийликтери шайлоодон кийинки тополоңдор учурунда 26 эле киши каза тапканын билдиришкен. Анда азыркы президент Махмуд Ахмадинежад 12-июндагы шайлоодо добуштардын бурмалануусунун натыйжасында жеңишке жетишти деген оппозиция жактоочулары массалык демонстрацияга чыгышкан болчу. Тегеранда демонстранттар менен полицейлердин кагылышуулары да орун алган.