Молдова президенти кызматтан кетет

Молдова президенти Владимир Воронин кызматтан кетерин билдирди. Владимир Воронин президенттин милдетин аткарууну токтоторун Молдова коммунисттеринин курултайында жарыялады. “Өлкө жана партиябыз үчүн катаал саатта күмөндүү жана түшүнүксүз абалда президенттин милдетин аткара албайм”, деп билдирди тогуз жыл мамлекет башында отурган Воронин. 28-августта жаңы шайланган парламенттин алгычкы жыйынында “Европа интеграциясы үчүн альянсы” (АЕИ) - коммунисттердин бойкотуна карабастан- Либералдык партиянын төрагасы Михай Гампуну парламент спикери кылып шайлашкан. Июлдагы парламенттик шайлоодо батышчыл партиялар артыкча добуш алып, Воронин башындагы коммунисттердин үстөмдүгүнө чекит койгон эле.