Академик Миррахимовду эскерүү болот

Академик Мирсаид Миррахимовду эскерүүгө арналган евроазиялык респиратор-дарыгерлердин V конгресси 3-сентябрдан 5-сентябрга чейин Кой-Таштагы эс алуу борборунда өтөт. Жыйынга Евроазия мамлекеттеринен тиешелүү дарыгерлер жана адистер катышмакчы. Конгресстин ачылышына бүгүн вице-премьер министр Өктөмхан Абдуллаева жана саламаттыкты сактоо министри Марат Мамбетов катышат, деп маалымдайт кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы.

Жыйында ошондой эле торакалдык, кардиология тармактарындагы бир катар маселелер талкууга алынмакчы.(ZKo)