“Ак жол” фракциясы бир катар маселелерди кароодо

Парламенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, учурда “Ак жол” саясий партиясынын депутаттык фракциясы " Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө", " Парламент депутатынын статусу жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоорун кароодо. Ошондой "Бейсалык төлөмдөр жөнүндө", "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" мыйзамдын долбоору, "17-мартты Аксыдагы 2002-жылдын 17-18-мартындагы кайгылуу окуяларда курман болгондорду эскерүү күнү деп белгилөө жөнүндө" Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору жана башка бир катар мыйзам долбоорлору каралат. (AJ)