Ооганстан: Ири бурмалоолор боюнча арбын арыз түштү

Өлкөнүн шайлоо боюнча арыздарды караган комиссиясы билдиргендей, шайлоодогу ири бурмалоолор боюнча 600 чакты арыз 20-августта болгон президенттик шайлоонун жыйынтыгына өзгөртүү киргизиши мүмкүн. Комиссияга ылайык, бардыгы болуп, 2 миңдей арыз түшсө, алардан 567си олуттуу деп тандалып алынды. Буга чейин добуштардын 35 пайызы саналып, учурдагы мамлекет башчысы Хамид Карзай биринчи, мурдагы тышкы иштер министри Абдулла Абдулла экинчи орунда келатат.