Бишкекте жаштар борбору ачылды

"Жаш өмүр" коомдук бирикмесинин жетекчиси Анастаси Мияленконун билдиришинче, аталган борбор шаарыбыздагы №14 мектептин алдында ачылды. Анда 30 волонтер, юрист, психологдор өспүрүмдөр менен иш алып барат. Борбордо балдар үчүн атайы ийримдер уюштурулган жана ага каалоочу өспүрүмдөр бош убактыларында келип, акысыз катыша алышат. Мияленконун айтымында, бул жерге кадимки эле жетиштүү үй-бүлөнүн балдары менен катар эле көчө балдары да келип, консультациялык жардамдарды ала алышат. Бардык шарттары каралган бул жай 100 балага эсептелген.(AzK)