АКШ президенти кыргызстандыктарды куттуктады

Американын мамлекет башчысы Барак Обама Кыргызстандын эгемендүүлүк күнү менен куттуктоосун КР президенти Курманбек Бакиевдин дарегине жолдогон. Куттуктоо телеграммасында АКШ президенти 31-август Кыргызстандын дүйнөлүк коомчулукка эгемендүү кадам таштаган күнү катары белгилүү экендигин билдирип, КР мамлекет башчысына жана кыргызстандыктарга майрамдык жаркын маанай каалап кеткен. Бул тууралуу КР президентинин басма сөз кызматы маалымдады.(ZKo)