ШКУнун Жогорку Сот башчылары жолугушат

Чолпон-Атада 9-10-сентябрда Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө мамлекеттеринин Жогорку сотторунун төрагаларынын кезектеги 4-кеңешмеси болот. Анда дүйнөлүк экономикалык кризис маалында менчикке укукту коргоо маселеси жана ШКУнун алкагындагы өлкөлөрдө өспүрүмдөрдүн укуктарын коргоо каралат.Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)