Грозныйда 4 полициячы набыт болду

Бүгүн Грозныйда жанкечти бери дегенде 4 полициячыны өлтүрдү. Чукул кырдаал министрлигинин басма сөз өкүлү Алексей Земсков жанкечтинин чабуулунан дагы төрт полициячы оор жараат алганын билдирди. Анын айтымында, жанкечти өзүн Грозныйдагы милиция бөлүмүнүн жанында жардырып жиберген.