Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдрасулова билдирди. Анын айтымында, бүгүн түштөн кийин укук коргоочуларга Бишкек шаардык тергөө абагында жатышкан “Жашылдар” партиясынын төрагасы Эркин Бөлөкбаев, “Болуш” ассоциациясынын жетекчиси Сапар Аргынбаев жана Петровка айылынын тургуну Уран Рыскуловдорду жок кылуу пландалып жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
“Биз бул маалыматтарды башка укук коргоочулар болуп текшерип чыктык. Маалымат тастыкталды. Бул камакта жаткандардын үчөөнүн өмүрүнө олуттуу коркунуч туулууда. Булар кылмыш дүйнөсүнө тиешеси бар адамдардын колу менен жок кылынган жатат. Мында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин тиешеси болушу ыктымал”,- дейт укук коргоочу.
Мындай маалыматтан кийин бир катар укук коргоочулар Бишкек тергөө абагынын жетекчисинин орун басары Нышанбек Алибаев менен жолугуп, аталган адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу керектигин айтышкан.
Укук коргоочулардын түкшөмөлүндө, камактагылардын көзүн тазалоону УКМК кызматкерлери да уюштуруп жаткан болуусу ыктымал. Анткени, соттун чечимине ылайык Э.Бөлөкбаевдердин иши УКМКга өткөрүлүп берилген. Андыктан алар УКМКнын тергөө абагында кармалышы керек болчу. “Коопсуздук кызматкерлери өздөрүнүн ыплас иштери ачылып калбашы үчүн ушундай ишке баруулары мүмкүн. Эмне үчүн булар Бишкек шаардык тергөө абагына жатып калышы керек эле”,- дейт Азиза Абдрасулова.
Мындай маалыматка УКМК азырынча жооп кыла элек.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 25-апрелинде Москва районунун Петровка айлында күрт улутундагы жигит 4 жашар орус кызды зордуктады деген маалымат тарап, “бийлик, күч органдары буга карата эч кандай аракет көрбөдү” деген жүйө менен айылдын кыргыз-орус тургундары тополоң кылышкан. Натыйжада бир канча күрт улутундагы жашоочулар айылдан чыгып кетишкен. Бул ишти уюштурду деген негиз менен "Жашылдар" партиясынын төрагасы Э.Бөлөкбаев, "Болуш" ассоциациясынын президенти Сапар Аргынбаев жана айыл тургуну Уран Рыскулов камакка алынган. Алар өздөрүнүн камалышын саясий себептер менен байланыштырышууда.
Ошондой эле кыз зордуктан күрт улутундагы жигит кармалып, ага байланыштуу кылмыш иши ачылганы маалымдалган. (IJz)