"Энтертейнмент" жумалыгынын келерки айдагы бир нече санында каламадай жука видео-экран журналдын бетине чапталат. Ал баракты ачканда, видео ойной баштайт. Тажрыйбаны америкалык СиБиЭс телеканалы суусундук чыгарган "Пепси" ишканасы биргелешип жүргүзүүдө.