Багдаддагы жардырууларда 45 кишинин өмүрү кыйылды

Өкмөттүк имараттарды бутага алган катар-катар жардыруулардан көп киши жараат алды. Бир жардыруудан Ирак парламентинин терезелери сынды. Дагы бир бомба Финансы министрлигинин жанындагы жүк ташыгычтан жарылып, жанындагы көпүрө талкаланды.