Кабулда террордук кол салуудан 7 киши набыт болду

Ооганстанда президенттик шайлоого эки күн калганда талиптер бир катар чабуулдарды уюштурушту. Миналанган унаанын жарылуусунан бери дегенде 7 киши набыт болуп, бир нечеси жараат алды. Набыт болгондордун арасында Бириккен Улуттар уюмунун жергиликтүү кызматкерлери да бар. Ал аралыкта жолго коюлган бомбанын жарылуусунан эки америкалык жоокер мерт кетти.