Элди газ менен камсыздоо боюнча өкмөттүн саясаты тууралуу мурдагы премьер-министр Амангелди Муралиев ой-пикир бөлүшөт.
- Жакында Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Райымкул Аттокуров Москвада "Газпромго" кыргыз газдын көзөмөл пакет акциясын берүү тууралуу эки тарап дээрлик макулдашканын тастыктады. Мындай билдирүү "Кыргызгазды" сатуу маселесинин айланасындагы мурдатан келаткан көз караштарды, талаш-тартыштарды кайра жандандырып атат азыр коомчулукта өзүңүз билесиз. Ушундан улам суроо сизге. Буга чейин "Газпром" "Кыргызгаздын" 75 пайыз акциясын сурап жатпады беле. Ушул багытта макулдашса Кыргызстанга бул кандай пайда алып келет?
- Биринчи, энергетика саясаты өзгөчө саясат болуп атат. Биздин республикабыздын салмагы дела анча эмес. Ошон үчүн "Кыргызгазды" "Газпромго" берсе, анда менин оюм боюнча биздин энергетика тармагыбыздагы саясатыбыз кайра кайраттуу болот, кубатуулугу да, салмагы да күчтүү болот.
Ошон үчүн бул жактан биздин өкмөттүн жасап аткан иштери жакшы. Себеби Орусия бүгүн дүйнөлүк монополист болуп атат. Жакын арада Орусия Кытайга да газопровод куруп, газды сатабыз деп атат. Анан Орто Азиядагы Туркмения, Өзбекстан менен тыгыз байланышта иштеп атат.
Кыргызстанда газ аз, азыр Көк-Арт маселеси чечилип атат, кийинчерээк Көк-Арттан газ табылса деле анын биздин республикабызды толук камсыздоо жагынан кубатуулугу жетпейт. Негизинен мен ойлоп атам, биздин бул жактагы саясатыбыз абдан туура деп.
- Орусия "Кыргызгаз" компаниясын сатып алгандан сырткары "Газпром нефть Азия" деген ишкананы ачып атат. Ушундай аракеттеринин түпкү кызыкчылыгы эмнеде?
- Бир жагынан биздин республикада "Газпромнефть Азияны" ачканы деле туура болду. Азыр биз күйүүчү майлар менен камсыздоо маселесин чечтик. Баалар деле өтө өскөн жок. Газ боюнча маселе Орто Азиянын рыногуна байланыштуу, баалардын деңгээли түзүлөт, мындан коркпош керек. Бирок Орто Азиядагы бирдиктүү энергетикалык саясат болбой жатпайбы. Биз суу башында туруп "Газпром" биздин энергетиканын системасына кирсе, анда биз кошуна мамлекеттер менен салмактуу сүйлөшүп өзүбүздүн саясатыбызды өткөрө алабыз деген ойдомун.
- Азыр эми иш жүзүндө Кыргызстан газды Өзбекстандан сатып алып жатат. Кечээ жакында Кыргызгаздын жетекчилиги Ташкенге барып, ал жерде мындан аркы жарым жылдын баасын арзандатуу аракетин жасоо үчүн кетти деген маалымат тарады эле. Бирок анын биринчи туру жыйынтыксыз аяктаган экен. Бул Орусия менен Кыргызстандын газ, энергетика боюнча саясатын жакындаштырып жатканына байланыштуу эмеспи. Дегеле Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамиле кандай уланышы мүмкүн, экономикалык, саясий мамилелер?
- Мен айтып атпаймбы, азыр "Кыргызгаздын" жетекчилери газ менен камсыздоо маселесин, тарифтерди чечиш керек. Бирок Орусия менен биргелешип иштесек, анда газ менен камсыздоо маселеси бул сахнадан түшөт, болобу же болбойбу деген суроо талаптар жоюлат.
Себеби "Газпромдо" газ толук бар, Түркмениядан, Өзбекстандан, Казакстандан да алып атат. Балким Өзбекстан бизге каршылык саясат кылса, анда бизде бир эле аргумент болуп атпайбы - суу бербейбиз деп коебуз. Азыр мына Токтогул суу сактагычында аз болуп атат. Анда салмактуу саясат өткөрө албай жатабыз.
Анан эки өлкө Кыргызстан менен Өзбекстан тең салмактуу эмес. Ошон үчүн Өзбекстан дайыма бизди утуп атат. Биздин Орусия менен биргелешкен энергетика саясатыбыз түзүлсө, анда Орто Азиядагы суу жана энергетика маселелер өзүнүн нугуна түшөт деген ойдомун.
- Газдын баасын "Газпром" акырындык менен кымбаттатып жибериши мүмкүн деп кээ бир саясатчылар айтып атышат?
- Азыр ал дүйнөлүк монополист, бирок бизде маселен Орто Азиянын рыногу бар, Европанын өзүнчө рыногу бар, Орусиянын ички рыногу бар, Кытай менен Орусиянын ичинде рыноктор бар. Ошон үчүн кескин түрдө өспөйт деп ойлом.
- Маегиңизге чоң рахмат.