Орус премьери Владимир Путин Абхазияга барды

Бул - Москва Грузиянын сепаратисттик жумуриятынын көз карандысыздыгын тааныгандан берки орус өкмөт башчысынын алгачкы сапары. Россиялык маалымат каражаттары Путин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен экономикалык кызматташтык жана башка маселелерди талкуулайт деп кабарлашты. Грузия менен былтыр болгон кыска согуштан кийин Москва Абхазия менен катар Түштүк Осетиянын эгемендүүлүгүн тааныган. Бүгүн Путин Абхазиянын коргоо тармагын чыңдоо үчүн жарым миллиард доллар берилет деп убада кылды. Орус өкмөт башчысы ошондой эле Тбилиси былтыркы уруштан сабак алып, күч колдонуу кандай натыйжага алып келерин түшүнүүгө тийиш деди. Грузиянын Тышкы иштер министрлиги Путиндин сапарын "провокация" деп атады.