БУУ Аунг Сан Су Чи боюнча резолюция кабыл ала элек

Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Мьянма бийлигин айыптаган резолюцияны кабыл алууну кийинкиге калтырды. Кечээ Мьянма соту Нобель сыйлыгынын лауреаты, оппозиция лидери Аунг Сан Су Чини дагы 18 ай үй камагына өкүм кылган. Франциянын демилгеси менен чакырылган чукул сессияда резолюция долбоору боюнча талкуулар башталып, бирок бир катар мамлекеттер аны колдоодон баш тартышты. Мьянманын ири соода шериги болгон Кытай жана Россия буга чейин да резолюциянын кабыл алынышына каршы чыгышкан.