Нарында орусиялык турист мерт болду

Дагы төртөө жарат алышты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин “Азаттыкка” билдиргенине караганда Екатеринбург шаарынан саякаттап келишкен туристтер Кытай менен чектешкен Нарын аймагындагы Кызыл-Аскер чокусунун жанында көчкү алдында калышкан. Кырсыкка кабылган орусиялык туристтерди бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги менен биргелешип Бишкекке жеткирет. Учурда алар туристтик лагерге жайгаштырылып турат. (BuS,EBM)