Ооганстандын Логар вилаейтинде талип согушкерлери губернатордун кеңсесине чабуул коюшту. Жергиликтүү полициянын башчысы Мустафа Мусейнин кабарлоосуна караганда, бир полициячы окко учту. Соңку айларда согушкерлер чыгыш Ооганстанда кол салууларын күчөтүштү.