Кыргыз өкмөтү антикризистик чараларды иштеп атат

Кыргыз өкмөтү дүйнөлүк кризистин таасирин азайтуу чараларды иштеп жатат. Бул максатта биринчи вице-премьер министр Өмүрбек Бабанов баштаган тиешелүү министрликтердин жетекчилеринин, ишкер чөйрө өкүлдөрдүн жана эксперттердин катышуусунда 4-августтан бери өтүп жаткан республикалык семинар бүгүн ишин улантат. Талкууда негизги көңүл айыл чарба, өнөр жай, отун-энергетика жана каржылоо тармактарындагы проблемаларга бурулууда. Талкуунун жыйынтыгы менен кыргыз өкмөтү антикрисизтик чараларды иштеп чыгууну көздөөдө. (BuS)