Петровка жаңжалына байланыштуу сот 10-августта уланат

Петровка жаңжалын уюштурган деп айыпталып жаткан 7 кишинин ишин бүгүн Москва райондук соту карап баштады. Сот айыпталуучулар Э. Бөлөкбаевдин, С. Аргынбаевдин жана У. Рыскуловдун баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу алардын адвокаттарынын өтүнүчүн канааттандырган жок. Ошондой эле сот адвокаттардын жана коомдук коргоочулардын мамлекеттик үч айыптоочуга жана соттун өзү Феликс Марлис уулуна ишеним көрсөтпөө арызын да четке какты.

Үстүбүздөгү жылдын 25-апрелинде Москва районунун Петровка айлында күрт улутундагы жигит 4 жашар орус кызды зордуктады деп, жергиликтүү бийлик, күч органдары буга карата эч кандай аракет көрбөгөндүгү үчүн айылдын кыргыз-орус тургундары тополоң кылышкан. Натыйжада бир канча күрт улутундагы жашоочулар айылдан чыгып кетишкен, ал эми бул ишти уюштурду деген негиз менен жогорудагы саясатчылар камакка алынган. Алар өздөрүнүн камалышын саясий себептер менен байланыштырышууда.(ZKo)