Өзбекстан Орусиянын дагы бир аскер базасына каршы

Өзбекстан Кыргызстандын түштүгүндө орус аскер базасын жайгаштырууга зарылчылык жок, деп эсептейт. Бул тууралуу Өзбекстандын тышкы иштер министрлигине караштуу “Жахон” маалыматтык агенттиги кабарлады. Анда: Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстандын чектешкен жерине мындай базаларды ачуу –улуттук каршылаштыкка, келечегинде аймактагы кырдаалды туруксуздаштыруучу радикалдык-экстремисттик күчтөрдүн өнүгүшүнө алып келүү коркунучу бар, деп айтылган.
Белгилей кетүүчү нерсе: 1-август күнү Орусия менен Кыргызстандын мамлекет башчылары Кыргызстандын аймагына дагы кошумча орусиялык аскер күчтөрүн жайгаштырууну жөнгө салуу боюнча эки тараптуу келишимдин укуктук базасын өнүктүрүү боюнча меморандумга кол коюшкан. Орусиянын аскер күчтөрү 49 жылдык мөөнөт менен жайгаштырылат жана мындай келишимге 1-ноябрда кол коюлушу мүмкүн. Өзбекстан буга чейин эле ЖККУнун июнь саммитинде уюмдун алдында ыкчам аракеттенүүчү күчтөрдү түзүүгө каршы чыгып, бул мамлекеттин ички саясатына кийлигишүү болот, деп билдирген.(ZKo)