Түштүк Осетия кайрадан Грузияны айыптады

Түштүк Осетиянын бийлиги Грузия тараптан кайрадан ок ачылганын билдирди. Түштүк Осетиянын Коргоо министрлиги акыркы бир нече күн ичинде ушуну менен үчүнчү жолу ок ачылып жатканын маалымдады. Грузиянын Ички иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Шота Утиашвили Түштүк Осетиянын мындай дооматтарын четке какты. Ал аралыкта Түштүк Осетиянын лидери Эдуард Кокойты Орусия бул аймакта аскердик машыгууларын баштаганын билдирди.