Ирак: Тарик Азиз жети жылга эркинен ажыратылды

Иракта Саддам Хусейндин жакын санаалаштарынын бири, мурдагы вице-премьер-министр Тарик Азиз жети жылга эркинен ажыратылды. Сот Тарик Азизди Хусейндин бийлиги маалында өлкөнүн түндүк-чыгышынан күрттөрдү күч менен чыгарууга тийешеси болгон деп тапты. Мартта Азиз 1990-жылдардын башында ондогон мунай сатуучуларды өлтүрүүгө катышкан деген айып менен 15 жылга эркинен ажыратылган. Ошону менен сот 73 жаштагы Тарик Азиз абакта 22 жыл отурушу керек деп чечти.