Бишкек: Айрым жолдордо кыймыл чектелет

Бишкек шаардык мэриясы Жаматтык коопсуздук боюнча келишим уюмунун Чолпон-Атадагы саммитине байланыштуу бүгүн шаардагы айрым көчөлөрүндө кыймыл маал-маалы менен токтотулуп турарын билдирди. Чет өлкөлүк кортеждер өтүп бараткан чакта Фучик, Чүй, Манас, Ахунбаев көчөлөрү жабылат. ЖККУнун бейформал саммити Чолпон-Ата шаарындагы бүгүн түштөн кийин башталат. (EBM)