Түрк президенти К. Бакиевди куттуктады

Түркиянын президенти Абдулла Гүл кыргыз кесиптеши Курманбек Бакиевди экинчи мөөнөткө шайланышы менен куттуктады. Анын жетекчилиги астында эки мамлекеттин кызматташуусу, алака-катышы өнүгө берерине ишенич билдирди. Түркия Кыргызстанды мындан ары да колдой берерин кошумчалады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Кыргыз оппозициясы 23-июлдагы шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен өткөнүн билдирип К. Бакиевди президент катары таануудан баш тартышууда. (EBM)