Испаниянын Малорка аралында дагы бир бомба табылды

Бийликтин маалыматы боюнча Жарандык гвардиянын жанындагы унаага орнотулган бомба зыянсыздандырылды. Кечээ бул аралда бомбанын жарылуусунан 2 полициячы набыт болгон. Шаршембиде Испаниянын түндүгүндөгү Бургос шаарында да жарылуу болуп, 60ка жакын киши жараат алган. Бийлик бул кол салуу үчүн ЭТА жикчил тобу жоопкерчиликтүү болгонун ырастоодо.